Маалымат булактарында эртең, 10-апрелде өтүүчү оппозициянын митингине катышуучулар бир нече тараптан жөө жүрүш менен келишери айтылууда. Алар чогула турган жерлер алдын ала такталды.
Айтсак, митингчилер шаардын Чүй-Абдрахманов, Манас-Бөкөнбаев, Чүй-Калык Акиев, Тоголок Молдо-Фрунзе, Фучик-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен жолугушат. Бул жерлер шаардыктардын көңүлүн буруу, жөө жүрүш менен келе жатып митингчилердин санын арбытуу максатында тандалганы айтылды.
Митинг М.Горький атындагы сейил бакта өтөт.