Бишкекте өтүүчү оппозициянын митингине Жалал-Абаддан катышуучулар келишет

Бишкекте эртең, 10-апрелде өтүүчү оппозициянын митингине Жалал-Абаддан катышуучулар келишет. Жалал-Абад ОИИБи митингге катыша турган жалал-абаддыктардын санын 300дөй деп билдирди. Так маалымат азырынча жок.

Бүгүн, 9-апрелде Алай районунда депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышты. Алар талаптары аткарылбаса, Ош шаарына жөө жүрүш жасашарын билдиришти. Алардын талабы – А.Келдибековду бошотуу.

Айта кетсек, Бишкекте оппозициянын митинги М.Горький атындагы сейил бакта өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан