Бүгүн, 10-апрелде "Кыргыз-Ата" элдик саясий партиясынын Ош облустук бөлүмү саат 10:00дө Ош облусунун борбордук аянтында Улуттук оппозициялык кыймылдын бийликке койгон 7 талабын колдоп митинг өткөрөт. Бул тууралуу "Кыргыз-Ата" партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Базарбай Айдаралиев билдирет.
Айтымында, Оштогу митингге 5 миңден ашык адам келери күтүлүүдө.