"Бишкекте Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери жана Таластан келген "Шыраалжынды" коргоочулар менен жолугуштук. Ал эми Таластан келгендер кайра кетишти",- деп билдирди бүгүн, 10-апрелде SUPER.KG порталына "Кумтөр" - кыргыз эл байлыгы" акциясынын лидери Замир Мендибаев.
"Саруудан кечээ, 9-апрелде Бишкекте оппозициялык кыймылдын 10-апрелдеги митингине катышуу үчүн 1500 киши келди. Дагы келүүдө. Ал эми митингге катышууга келгендер азыр шаарда турабыз",- деди ал.