Күлбүбү Бектурганова “Кыргыз жеринин кыздары” аттуу китебинин 5-томун жарыкка чыгарды

Жазуучу жана журналист, тарых илиминин кандидаты Күлбүбү Бектурганова “Кыргыз жеринин кыздары” аттуу китебинин 5-томун жарыкка чыгарды. Китепке мамлекеттик жана коомдук ишмер, экономика чөйрөсүндөгү жетекчи, илим жана билим, маданият жана искусство айымдары жөнүндө очерктери кирген.

Каармандардын арасынан бишкектик флорист илимпозу, биология илиминин доктору Еннафа Никитина, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун жана Кыргызстандын Профсоюздар комитетинин катчысы Жамал Абдраева, Кыргыз телерадиокомитетинин биринчи төрайымы Рабия Менсеитова, Республикалык социалдык фонддун биринчи төрайымы Роза Үчкемпирова, учурдагы Улуттук китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашова өңдүү айымдарды тапса болот.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан