Парламенттин 10-апрелдеги жыйынында "Ар-намыс" фракциясынан жаңы депутат Майрамбек Расулов ант берди. Айта кетсек, Расулов "ар-намысчы" экс-депутат Абдырахман Маматалиевдин ордуна депутат болуп бекитилди. Маматалиев жакында КРнын Коргоо, укук тартиби жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министри болуп дайындалган. Төрага Асылбек Жээнбеков жаңы депутатты куттуктап, ишине ийгилик каалады.