Равшан Жээнбеков: “Бийлик митингге келгендерди камап баштады, андай болсо мөөнөтсүз митинг кылышыбыз мүмкүн”

Бүгүн, 10-апрелде Горький атындагы сейил багында УОКтун митинги өтүп жатат. Митингге келип кошулган УОКтун лидери Равшан Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.  

“Бул бийлик митинг баштала электе эле келгендерди ар кайсы жерден кармап, камакка ала баштады. Биз муну күткөн эмеспиз. Алгач камакка алынган балдарды бошотобуз. Биз тараптан эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок. Митингди үзгүлтүккө учуратса, анда мөөнөтсүз нааразычылык акциясын башташыбыз мүмкүн”,- деди ал. Ал эми түндүк-түштүк масалеси тууралуу берилген суроого: "Бакиев да кетеринде элди түндүк-түштүккө бөлүп баштаган. Эгерде эсиңерге ала турган болсоңор, Бакиев өз туугандарына таянган. Атамбаев да эки күндөн бери милиция формасында эмес, жарандык формада жүргөн, спорттук мүмкүнчүлүктөрү бар балдарды алып келип, Ак үйдү коргоого алды",- деп жооп берди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан