Асылбек Жээнбеков “милиция жарандарды эмнеге кармап кетип жатканын териштирем” деди

“Милиция кызматкерлери жарандарды эмнеге кармап кетип жатканын териштирем”,- деди төрага Асылбек Жээнбеков парламенттин 10-апрелдеги жыйынында. Жээнбеков ачыгын билгенден кийин гана депутаттарга жооп бере турганын айтып, танапис жарыялады.

“Милиция деле жөндөн-жөн эле кармай бербесе керек. Мен муну тактайын, силерге жооп бере тургандай болоюн”,- деди ал.

Буга чейин айрым депутаттар көчөдө милиция кызматкерлери жарандарды митингге катыштырбоо үчүн күчкө салып кармап кетип жатканын айтып, төраганы бул боюнча чара көрүүгө чакырышкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан