Бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаарында “Жаш талант-2014” сынагы өтүүдө. М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында өткөрүлүп жаткан сынакка музыкалык жана искусство мектептеринин окуучулары катышууда.
Классикалык музыканы жайылтуу, келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттарды табуу жана музыкалык окуу жайда окугандардын жөндөмүн өстүрүү үчүн аларга методикалык жана практикалык жардам берүү максатында уюштурулган сынакта 7-16 жашка чейинки өспүрүмдөр өнөрлөрүн тартуулашууда.
Сынак 4 номинацияда жүргүзүлүүдө: фортепиано, кылдуу аспаптар (скрипка, виолончель), оркестр (үйлөмө, урма) аспаптары, классикалык гитара. Ар бир номинациянын 1-2-3-орундун жеңүүчүлөрү дипломдор жана акчалай сыйлык менен сыйланышат.
Катышуучулардын таланттарын М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын, М.Абдраев атындагы атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын профессионал окутуучуларынан түзүлгөн калыстар тобу баалайт.