Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кийинки аптада Баткенге иш сапары менен барат. Муну парламенттин 10-апрелдеги жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди.
“Баткендеги чек ара көйгөйү боюнча Жогорку Кеңеш эч нерсе жасабай жатат деген туура эмес. Баткенде буга чейин эки комитеттин көчмө жыйыны өттү, жакында дагы эки комитет жыйын өткөрөт. Кийинки аптада премьер-министр Жоомарт Оторбаев аймакка иш сапары менен барат”,- деди төрага.
Жыйында айрым депутаттар парламент Баткендеги көйгөйлөргө олуттуу көңүл бурбай жатканын айтышкан эле.