Жылдыз Жолдошова: “Кармалган балдарга барган акыйкатчы менен депутатты Бишкек ШИИББиге киргизбей коюшуптур”

“Милиция кармап кеткен балдарды көргөнү барган акыйкатчы Бактыбек Аманбаев менен депутат Кантемир Мурзабековду Бишкек ШИИББиге киргизбей коюшуптур”,- деп билдирди ЖКнын 10-апрелдеги жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова. Анын билдиришинче, кармалган балдардын ата-энелери нааразы болуп жатышат.

“Эмнеге киргизбей коюшат? Бийлик күч колдонууну токтотсун, күч колдонулган сайын абал курчуп кетет. Буга чара көрүп бергиле. Азыр төрагага кирем, Асылбек Жээнбеков менин көзүмчө ички иштер министрине телефон чалсын”,- деди Жолдошова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан