Жогорку Кеңештин 10-апрелдеги жыйынында мурунку “республикачы” депутат Бакыт Төрөбаев менен “Республика” фракциясынын лидери Назарали Ариповдун ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Референдум өткөрүү боюнча жаңы мыйзам долбоору талкууланып жатканда Арипов Төрөбаевди башында “Республика” фракциясы менен парламентке депутат болуп келип, кийин өз алдынча бөлүнүп кеткенин айтып айыптады. Буга депутат Төрөбаев: “2010-жылы сиз кайсы партияда экениңизди, кимди колдоп жүргөнүңүздү жакшы билебиз. Өлкөнү өнүктүрүү боюнча өзүмдүн көз карашым бар, ошондуктан өз алдымча кеттим. Эгер сизге Жогорку Кеңеш жакпай жатса, мандатыңызды тапшырып кете бериңиз”,- деп жооп берди.