Жалган маалымат таратканы үчүн ММКлардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Парламентте бүгүн, 10-апрелде жалган маалымат таратканы үчүн ММКлардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбооруна ылайык, кылмыштуулук боюнча жалган маалымат таратканы үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салуу же 1 жылга эркинен ажыратуу каралууда.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыптаган жалган билдирүү үчүн 100-200 миң сом айып пул же 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталып жатат.

Ал эми уюшкан топтордун кызыкчылыгы үчүн жасалган аракет боюнча санкция жумшартылганы айтылган. Тактап айтканда, буга чейин үчүнчү вариант боюнча 3-5 жыл эркинен ажыратуу сунушталып, бирок 1-3 жыл деп өзгөртүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан