Дастан Бекешев: "Жарандар өз шаарынын башкы планы менен тааныш болууга тийиш" 

Жогорку Кеңеште 10-апрелде шаарлар менен айылдардын башкы планын жөнгө салууга, анын бекитилишине коомчулуктун катышуусун камсыз кылууга жол ача турган мыйзам долбоору каралды. Мыйзам демилгечиси Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору шаарлар менен айылдардын башкы пландарынын жашыруундуулугун алып салуу максатында иштелип чыккан. "Жарандар өз шаарынын башкы планы менен тааныш болууга тийиш. Азыр ал көпчүлүктүн көзүнөн далдоо сакталат. Ал планды адеп түзүлгөндө коомдук талкууга алып чыгып, бекитүү тартиби да камтылды",- дейт ал.

Депутат Жусупали Исаев шаарлар менен айылдардын башкы планын жарыялоодо ички инфратүзүм жана коммуникация пландары алынып салына турганын билдирди.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан