Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарында Ахматбек Келдибековдун тарапташтары маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда бир катар нааразычылыктар айтылды. Алар митинг өткөрүүгө эки күн мурун уруксат сурашканын, бирок берилбегенин, аппарат коюшса, электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын айтышты.