Кыргызстандык ашпозчулар Түркмөнстандын Аваза туристтик зонасында өтүүчү “Азиада ашканасы-2017” форумуна катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Түркмөнстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул форумга Улуу Британия, Кытай, Беларусь, Корея, Малайзия, Индия, Непал, Япония, Азербайжан, Армения, Казакстан, Украина сыяктуу 20дан ашык өлкөдөн ашпозчулар катышууда. Форумдун жүрүшүндө катышуучулар түркмөн ашканасы менен таанышып, аны менен катар өздөрүнүн улуттук тамактарын жасоо ыкмаларын көрсөтүштү.
"Бул форум түркмөн ашпозчуларынын квалификациясын жогорулатуу жана 2017-жылы Ашхабад шаарында боло турган 5-Азия оюндарынын катышуучуларын жана конокторун даамдуу тамактар менен камсыздоо үчүн уюштурулду. Форумдун эң негизги максаты дүйнө элдеринин ортосундагы биримдикти бекемдөө болуп саналат",- дешет уюштуруучулар.