Турсунбек Акун: "Оппозиция өкүлү Кубанычбек Кадыровду кармап кетишти"

Оппозициянын митингинде экс-акыйкатчы Турсунбек Акун оппозиция өкүлдөрүнүн бири Кубанычбек Кадыровду күч органдары кармап кетишкенин билдирди.

"Нарын" ресторанынын жанынан Кубанычбек Кадыровду баш кылып салып кетишти. Камактагылардын жанынан жаңы эле келдим. 1 автобуска 60тай кишини салып барышкан экен. Астында калган бирөө аксап калыптыр. “Октябрь” кинотеатрынын жанынан дагы 60тай кишини салып барышты. "Старый толчокко" камалгандар батпай калып, Бишкек шаардык ИИББине алып кетишти. Мага болсо “бүгүн кирбей эле коюңузчу” дешти. "Акаев, Бакиевдин тушунда да ушундай болгон. Биз эмнеге күрөштүк эле?" десем, Мелис Турганбаев “Байке, сиздин ишиңиз болбосун. Бүгүн кийгилишпей эле коюңуз” дейт. "Менин ишим болбой койбойт. Биз бул үчүн күрөшкөн эмеспиз. Камаганга укугуңар жок дедим",- дейт Акун. Экс-акыйкатчы бул кадамдары менен бийлик өзүнүн абийирин кетирип жатат деп эсептейт. 

"Оппозиция өкүлдөрү "тынчтык митингин өткөрөбүз, пикирибизди айтабыз" деп келе жатышкан. Тим койсун, сындайт, пикирин билдирет, анан тарайт. Камаганы кандай? Анда мен өмүрүмдүн 20 жылын демократия деп эмнеге короттум эле?"- деп билдирди Акун. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан