Азимбек Бекназаров Кыргызстандагы эки революциянын негизги каарманы экени белгилүү. Бекназаров 2005-жылдагы революция, 2010-жылдагы Апрель окуясына байланышкан жүрүштө окшош кийимчен жүргөнү айтылып келсе, ошол эле кийимин оппозициянын бүгүн, 10-апрелде өтүп жаткан митингине кийип келди. Ак калпак, көк көйнөк жана сары күрмө... Бул кийимдер, балким, оппозициячы үчүн "жолдуу" кийимдер чыгар же башка себеби бардыр. Мунун сырын Азимбек мырзанын өзүнөн башка эч ким билбейт.