Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 10-апрелде Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзада менен телефондон сүйлөштү. Сүйлөшүүдө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, чек ара көйгөйүн чечүү, жакынкы аралыктагы жумуштук байланыштардын планы талкууланды. Өкмөттүн билдиришинче, эки тараптуу маселелерди министрлик жана ведомстволук деңгээлде чечүүнү сүйлөшүштү.