Кыргызстандыктар Канадада өткөн түрктөрдүн Маданият фестивалына катышышты (фото)

Кыргызстандыктар 8-апрелде Канаданын Эдмонтон шаарында өткөн түрктөрдүн Маданият фестивалына катышышты. 

Аземге түрк тилдүү элдердин жергиликтүү биримдиги катышкан. Салтанаттын ачылышында кыргыздар Кыргызстандын гимнин аткарышкан. Ошондой эле иш-чаранын коноктору көргөзмөгө коюлган кыргыз улуттук ашканасынын даамын татып, Кыргызстандын кооз жерлери түшүрүлгөн сүрөттөргө күбө болушкан. 

Иш-чараны "Түрк-Канада" коому уюштурганын “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-апрелде кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан