Алмазбек Атамбаев «Газпром» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Газпром» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө газ тармагындагы кызматташуу боюнча конкреттүү пландар талкууланды. 

Алексей Миллер компания Кыргызстандын газ өндүрүшү тармагындагы жагдайды, түпкү максатты жана милдеттерди так билип туруп ишке киришип жаткандыгын белгиледи. “Биздин алдыбызга койгон милдеттерибиз абдан масштабдуу - Кыргызстандын газ чарбасы абдан масштабдуу. Негизги газ түтүктөрү 700 чакырымды түзөт. Ал эми бөлүштүрүүчү тармактар туурасында айтсак, 2300 чакырымга жакын”,- деди Алексей Миллер.

«Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы «Газпром» ААК алгачкы 5 жылдын аралыгында «Кыргызгаз» ААКтын 40 миллион АКШ долларлык карызын жаап, газ тармагын өнүктүрүүгө 600 миллион АКШ долларын жумшай тургандыгын маалымдады. “Бул иш түздөн-түз «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасынын жана бүтүндөй башкармалыктын көзөмөлү алдында жүргүзүлөт деп ишендирип кетмекчимин”,- деди Алексей Миллер. 

Ошону менен бирге Кыргызстанда жаратылыш газын геологиялык чалгындоо боюнча пландарга дагы токтолду. 

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн газ ташып жеткирүү системине стратегиялык инвесторду тартуу жана Кыргызстанда «Газпром» ААК инвестициялык программаларын мындан ары ишке ашыруу тармакты өнүктүрүүгө, аны модернизациялоого жана кеңейтүүгө, ошондой эле өзүбүздүн жаратылыш газ запастарын өздөштүрүүгө зор түрткү берерин белгиледи.

Мамлекет башчысы керектөөчүлөрдү анча кымбат эмес баадагы газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурду.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын энергетикалык эгемендигин камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында алдыдагы биргелешкен ишмердиктин маанисин дагы баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда «Кыргызгаз» ААК кубаттуу энергетикалык компаниясын «Газпром» ААКга сатуу боюнча келишимге кол коюу салтанаты өткөрүлдү. Документке «Кыргызгаз» ААКтын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев менен «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер кол коюшту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан