Курманбек Дыйканбаев, депутат: “Малды эмдөөгө керектүү акчаны Каржы министрлиги бөлүп бербей жатат”

Бодо малдын жайлоого чыкчу маалы жакындап калды. Бирок ушу кезге чейин дары-дармек алынбай, аймактарда мал эмделе элек. Муну депутат Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңештин 10-апрелдеги жыйынында билдирди.

Айтымында, мал ылаңы айылдыктардын эт жана сүт азыктарын сатуусуна терс таасирин тийгизет. “Мал жана куш жандыгы баш-аягы 22 жугуштуу оорудан эмделет экен. Көл кылаасында туристтик сезон жакындап калды. Эгер ага чейин мал эмделбесе, жергиликтүү тургундар өндүргөн азык-түлүктүн өтүмдүүлүгү түшүп кетет”,- дейт ал.

Депутат керектүү дарыларды сатып алууга Каржы министрлиги акча бөлбөй жатканын билдирди. “Буга өкмөт тез арада чара көрүшү керек,- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан