Бүгүн, 10-апрелде Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарында депутат Ахматбек Келдибековду камактан бошотуу талабы менен өткөрүлүп жаткан митингдин өкүлдөрдү менен жолугушту.
Анда митингдин катышуучулары Келдибековду бошотуу талабын айтышты. Сооронбай Жээнбеков мындай талапты аткарууга укугу жоктугун жана сот ишине эч ким кирише албай тургандыгын айтып, аталган талап тууралуу жогорку бийликке маалымдай тургандыгын билдирди.