Оппозициянын 10-апрелдеги митингин уюштурууга 500 миң сом кетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде митинг аяктагандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Равшан Жээнбеков билдирди.
“Бүгүнкү митингди уюштурууга 500 миң сом сарпталды. Мунун баарын өзүбүз чогулттук. Мен деле кедей адам эмесмин, аны жашырбайм. Камчыбек Ташиев деле кедей эмес”,- деди Жээнбеков.