"Супер-Инфо" гезитинин 2013-жылдагы тандоосу боюнча "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси Нурлан Насип айылдан шаарга жаңы келип, ырчы болом деген кыялын ишке ашыра албай кыйналганын, сахнадан ордун тапкандан кийинки жашоосун тасмада чагылдырат. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 10-апрелде SUPER.KG порталына кабарлады.
“Бул комедия жанрындагы тасма "Браво!" деп аталат. Режиссёру - Нурлан Мамакеев. Учурда таң аткандан түнгө чейинки убактымды тасмага жумшап жатам. Башка нерсеге алаксыбай, бир ай тынбай иштесек, тартуу иштерин аяктайбыз",- дейт ырчы жаңы тасма тууралуу.
Белгилей кетсек, Нурлан Насип буга чейин “Салам, Бишкек!”, “Пентхаус” тасмаларында эпизоддук ролдордо өзүн актёр катары сынап көргөн.