Урматбек Тынысов Бакай-Ата районунун акими кызматынан бошотулду
Урматбек Тынысов Талас
облусундагы Бакай-Ата районунун акими кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка
бүгүн, 10-апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду. Өкмөттүн
билдиришинче, Тынысов өзү жазган арызынын негизинде иштен бошотулду.