Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында коомдук-саясий кырдаал туруктуу. Муну бүгүн, 10-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
“Бишкектеги митинг бүттү, кырдаалды ички иштер органдары көзөмөлгө алууда. Буга чейин Ош менен Жалал-Абаддагы митингдер бүткөн. Каракол шаарында пландалган митинг өтпөй калды, Каракол шаарынын бир нече тургундары чогулган жаштарды таратып жиберишти. Ош, Нарын, Чүй жана Талас облусунда эч кандай митингдер өткөн жок. Ички иштер органдары күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантып жатат”,- деп айтылат билдирүүдө.