Жоомарт Оторбаев “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер менен жолугушту

Бүгүн, 10-апрелде өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев орусиялык “Газпромдун” төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту. Анда “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” ААКысына өткөрүү боюнча келишимге кол коюлду.
Орусия тараптан келишимге “Газпромдун” төрагасы Алексей Миллер, кыргыз тараптан “Кыргызгаздын” башкы директору Тургунбек Кулмурзаев кол коюшту. Келишим боюнча, Орусия тарап “Кыргызгазга” инвестиция тартып, инфраструктурасын жаңылоого 20 миллиард рублдан кем эмес каражатты 5 жыл ичинде камсыздайт.
Берилген мөөнөттөн тарта “Газпромдун” кыргыз компаниясынын 100 пайыз үлүшү, анын 40 миллион доллардан кем эмес карызы Орусия тарапка өтөт. Келишим 25 жылга түзүлүп, андан соң Кыргызстан кааласа орусиялык компаниядан өз активдерин сатып ала алат.
“Газпром” республиканы тынымсыз газ менен камсыздоого милдеттенме алууда. Кыргызстан өзү тараптан жаратылыш газын импорттоого укуктуу, “Газпромдун” инвестицияларын улутташтыруудан сактоого кепилдик берет.
Жолугушууда Жоомарт Оторбаев кыргыз өкмөтү “Газпром” компаниясы менен келечектүү кызматташууга өзгөчө маани берерин билдирди. “Белгилүү болгондой, 2013-жылдын 26-июлунда Москвада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда жаратылыш газын ташып өтүү, бөлүштүрүү жана таратуу боюнча келишим ратификацияланган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бул келишим боюнча бардык милдеттенмелер өз учурунда так аткарылат. Мисалы, “Газпромнефть Азия” компаниясы “Газпром” менен көп жылдык байланыш тажрыйбасына ээ. Мен жетишилген сүйлөшүүлөр толук аткарылат деп ишенем. Биз өзүбүз тараптан бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярбыз”,- деди Оторбаев.
Алексей Миллер “Газпром” ата мекендик газтранспорт системин заманбап жаңылоого кирише тургандыгын айтты. “Биз жакынкы 5 жылда кыргыз экономикасына 20 миллиард рубль инвестиция тартабыз. Зарыл болсо, каражаттын көлөмү дагы көбөйтүлөт. Биздин негизги милдетибиз – керектөөчүлөрдү өзгөчө кыш мезгилинде тынымсыз газ менен камсыздоо. Жакынкы мезгилдерде жаратылыш газына болгон баа азыркы баадан төмөндөйт. Ошондой эле “Газпромдун” кыргыз рыногуна келиши менен, биздин социалдык жоопкерчиликтерибизди эске алганда, башка долбоорлор да ишке кирет же билим берүү, социалдык мүнөздөгү долбоорлор. Белгилөөчү жагдай, мерчемдеген иштер жана инвестициянын тартылышы өлкөдө саясий, экономикалык туруктуулук болгондо гана ишке ашат. Мындай талаптарсыз жаңы инвестициянын келишин да, экономиканын өнүгүшүн да элестетүү мүмкүн эмес”,- деди Миллер.
Жолугушууда кыргыз компанияларынын “Газпром” ААКсы менен кызматташуусу жана “Газпром” компаниясында кыргызстандык жарандарды жумуш менен камсыздоо маселелери каралды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан