Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев "Бакай-Атадагыдай окуяларга жол берген жергиликтүү бийлик башчылары токтоосуз иштен айдалат" деди

Бүгүн, 10-апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бакай-Атадагы окуяларды анализдөө жана андай окуяларды мындан ары болтурбоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы Бакай-Атадагы митингде жетиштүү иштей албаганына байланыштуу район акими иштен бошотулганын билдирди. “Бакай-Атадагыдай окуяларга жол берген жергиликтүү бийликтин жетекчилери токтоосуз кызматтан бошотулат. Аталган окуя жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлдөй албай турганын гана эмес, боло турган акция тууралуу өз убагында маалымат бере албастыгын көрсөттү”,- деди Оторбаев.

Премьер-министр мыйзамдардын бузулушу боюнча принципиалдуу чаралар көрүлө турганын кошумчалады.

“Мыйзамды бузууга күнөөлүүлөр жоопко тартылат, прокуратура кылмыш ишин козгоду”,- деди ал. 

Айта кетсек, 4-апрелде Бакай-Атада "Шыраалжын" алтын кениндеги иштер боюнча митингге чыккан эл менен милициянын ортосунда кагылышуу болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан