Бүгүн, 10-апрелде биринчи жолу Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Жер айыл аймагында төкмөлөрдүн айтышы өткөрүлдү. Бул тууралуу өмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы
Дилара Парпиева билдирди.
Айтымында, аталган айтышка Жалал-Абад, Ош облустарынан акындар келишкен. Мындай салтанатты мындан ары улап, аймакта жайылтуу демилгеси көтөрүлдү. Ага облус башчысы Жеңиш Разаков да катышты.