“Кубанычбек Кадыровдун убактылуу кармоочу жайдан качан чыгарын азыр айта албайм”,- деп билдирди бүгүн, 10-апрелде Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаев.
“Анын үстүнөн “Кадыров мени уруп, акчамды алып койду” деп таксисттен арыз түшкөн. Ошол себептен аны кармадык. Азыр Кадыров сурак берип жатат болуш керек. Күнөөсү болбосо, бошотулат. Күнөөлүү болсо, чара колдонулат”,- деди Мелис Турганбаев.
Ал эми митинг жалпы жонунан тынч өткөнүн айтты. “Митингдер өтпөш керек деп айтпайм. Митинг ар дайым өзүнүн маданияты менен болуш керек. "10-апрелде митинг болот" деген маалыматтар тараганда эле шаар тургундары кооптонуп, телефон чалып арызданышкан, “Эмнеге мындай болот?” деп. Алардын оюн да эске алыш парз. Ошону менен катар эле Бишкекте 1,5 миллион киши жашайт. Эртең менен чогулуп турган митингчилер менен жумушка бараткандардын ортосунда бир аз түшүнбөстүктөр чыгып кетиптир. Ошон үчүн митингге келе жаткандарды кармаганга туура келди. Бирок аларды чыгардык”,- деди ал.