"3 жылдан бери Ошко келип митингге туш болом" деген Дайыр Исмадияровдун концерти жагымдуу маанайда өттү (фоторепортаж)

Ош драма театрында бүгүн, 10-апрелде ырчы Дайыр Исмадияровдун концерти жагымдуу маанайда өттү. Концертте ырчылар Айпери Сыдыкова, Жумагүл Раимжан кызы, Гүлжигит Калыков, Асел Касымова, Эдил Маматов ырдашты. 
Соңунда Дайыр Исмадияров "Ананай", "Азыр заман башка" аттуу ырларын тартуулады. Жалпысынан концерт эки жарым саатка созулду. Келген эл жагымдуу маанайда кайтты. Ал эми ырчы келген элге ыраазычылыгын билдирип, "Ошко 3 жылдан бери митинг маалында келип калам. Бул да болсо маңдайга жазганы" деп, мындан кийин митинг болору же болбошу тууралуу билип, анан келерин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
peri...97
2014-04-11 00:07:54
Хе хе байкуш десе,пешенеда бул да,эн негизи концерт соонун болсо болду....ийгилик.....
0
RUSLAN.KG
2014-04-11 00:08:32
admin, подскажите пожалуйста, как удалять комментарии, сообщения на форуме?
0
admin_superstan
2014-04-11 09:29:04
RUSLAN.KG, Саламатсызбы!
Тилекке каршы, форумдагы билдирүүлөр өчүрүлбөйт, бирок билдирүү жазылган соң 1 сааттын ичинде түзөтүүгө болот.
(У простого пользователя нет возможности удалять сообщения, но сообщение можно редактировать в течении часа после публикации)
0
Egen.Osh
2014-04-11 01:14:37
Жакшы,митинг деп кабатыр болуп жургон Оштун элинин маанайын которуптур))
+1
adi_ko.kg
2014-04-11 09:21:19
Ооо жакшы маанайда отүптүр жердеш
0
Jikos
2014-04-11 11:15:21
Чын баштагы концерти да митингге туш болуп, барып келгенибиз эсимде.
0
aiba_00
2014-04-11 11:58:02
Багы жокко дагы жок дейт мындай учурда, дагы жакшы митингдин арты жакшылык менен бутуп концерт койгонго улгурупсун.
0
buzeinep
2014-04-11 14:06:02
Талантын оркундой берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан