Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева менен Улукбек Кочкоров ушул жылдын 6-11-апрель күндөрүндө Чили өлкөсүндө иш сапары менен жүрүшөт. Анда мамлекеттик сатып-алуулар тутумун өркүндөтүү боюнча тажрыйбаларды иликтешмекчи.
Иш сапардын жүрүшүндө Чилинин Мамлекеттик байкоочу кеңеши жана Мамлекеттик сатып-алуулар жана келишимдер боюнча дирекциясы менен жолугушуулар өттү.
"Парламентарийлер Чилинин мамлекеттик сатып-алуулар тутумунун укуктук негиздери, сатып-алуулар боюнча типтүү келишимдери, маалыматтарды чогултуу жана талдоо жол-жоболору, ошондой эле электрондук сатып-алууларды өткөрүү тажрыйбасы менен таанышып чыгышты",- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.