2014-жылдын январь-март айларында негизги капиталдагы инвестициянын көлөмү 14,7 миллиард сомду түздү. Муну бүгүн, 11-апрелде Улуттук статистика комитети билдирди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,3 пайызга көп экени айтылат.
“Негизги капиталга тышкы булактардын эсебинен инвестиция салуу 2,6 эсеге, ички булактардын эсебинен каржылоо 11 пайызга өстү” деп айтылат маалыматта.
Каражаттын негизги бөлүгү турак жай курууга жана кайра иштетүү тармагына жумшалганы айтылды.