“Бийлик оппозициянын сөзүн угуп, алар менен тыгыз иштешүүсү керек”,- деп билдирди саясий серепчи Табылды Акеров SUPER.KG порталына.
Анын айтымында, оппозиция өкүлдөрүн куугунтуктабай, аларга мүмкүнчүлүк бериш керек.
“Бизде парламенттик башкаруу системи. Эгерде буларды камап, куугунтуктай бере турган болсо, биз тоталитардык системге өтүп кетишибиз мүмкүн. Ошон үчүн оппозицияга тоскоолдук кылбай, митинг-пикеттерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек. Ал эми экономика боюнча бир топ эле иштер жасалып жатат. ГЭСтерди куруу иштери пландаштырылууда. Бирок экономика оңолуп кетти деп азырынча айтуу кыйын. Өкмөттүн экономика боюнча алгылыктуу аракеттери байкала элек. Ошон үчүн бийлик ушул нерселерди эске алышы кажет. Оппозицияны кодулаган туура эмес”,- деди Акеров.