Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев Орусиянын Ооган ардагерлер союзунун медалы менен сыйланды

9-апрелде Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук дарам театрында Ооган ардагерлерине арналып белгилүү Кыргыз Эл жазуучусу, драматург, режиссёр Мар Байжиевдин "Алтынчы күнү кечинде" пьесасы коюлду. Пьесада Эл артисттери Марат Алышпаев, Жамиля Сыдыкбаева, Муканбет Токтобаев, Эмгек сиңирген артисттер Калича Сейдалиева, Шайгүл Алсеитова, жаш таланттар Арген Карагулов, Анара Солпуевалар ойношту. Трагикомедия жанрында жазылган бул пьесага күбө болушкан көрүүчүлөр алгач күлүшсө, аягында кадимкидей көздөрүнө жаш алышты. 

Аталган театрдан билдиришкендей, спектаклдин соңунда залда отурган Ооган ардагерлери Мар Байжиевди Орусиянын Ооган ардагерлер союзунун "Эмгеги үчүн" медалы менен сыйлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан