“Кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча жакында эки өлкөнүн өкмөт башчылары жолугушат” деди вице-премьер Маматалиев

“Кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча жакында эки өлкөнүн өкмөт башчылары жолугушат” деди вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев “Ата Журт” фракциясынын 11-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, жумушчу топтордун Худжандда өтө турган жолугушуусунда Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай жана Кулунду – Максат унаа жолдору боюнча маселе каралмакчы.

“Жол курулуучу биздин жерди тажик тарап талаштуу аймак деп жатат. Ушул маселени чечүү аракеттери жүрүүдө. Мындан кийин эки өлкөнүн премьер-министрлери жолугушуп, чек ара маселесин талкуулашат”,- деди Маматалиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан