Кыргыз-тажик чек арасында делимитациялоо иштери акыркы жолу 2002-жылы болгон. Муну КРнын Коргоо, укук тартиби жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев “Ата Журт” фракциясынын 11-апрелдеги жыйынында айтты.
“2002-жылдан кийин тараптар бул маселе боюнча 27 жолугушуу өткөргөн, бирок эч кандай делимитациялоо болгон эмес”,- деди вице-премьер.
Депутат Курмантай Абдиев: “Жыйынтыгы жок жолугушуулардын эмне кереги бар? Чек арада бир да чакырым жер делимитация болбой жатат”,- деп билдирди.