Ырчы Айнура Салахидинова бала багуу менен бирге жаңы чыгармаларды жаздырууда

Кечээ эле шоу-бизнестеги бойдок кыздардын катарын толуктап жүргөн ырчы Айнура Салахидинова бүгүн минтип балкыта бала эмизип эне болуп, бир үйгө жарык чачууда. 10-апрелде ырчы айымга капысынан сейил бакта 4 айлык уулу Дари менен сейилдеп жүргөн жеринен кезигип калдым. Ал эне болуу бактысы жана чыгармачылыктагы жаңылыктары менен бөлүштү.

- Айнура, уулуңуз болтоюп торолуп калыптыр. Кылык-жоруктары чыга баштаса керек...

- 6 күндөн кийин 4 айга толобуз. Жоош эле. Атасы экөөбүздү тартып уйкучу. Саат 11ге чейин уктап жата берет. Ал ортодо бир-эки жолу эмизип коём. Көпкө уктаса чыдабай кетем. Ал гана эмес, ыйлаганын да уккум келип кетет. Бирок ошол эле убакта ыйлаткым да келбейт. Муну баласы барлар түшүнсө керек, кандай сезим экенин.

Эне болуу сизди өзгөрттүбү?

- Эне болуу бактысы өзгөчө сезим экен. Төрөгөндөн кийин төшүмө баламды жаткырып коюшту. А мен ушунчалык баламдын жүзүн көргүм келет десең. 2 сааттан кийин колума алып эмизгенде бул дүйнөдө мендей бактылуу адам жоктой туюлду. Азыр уулумдун ар бир кылыгын карап отуруп "Чын эле ушул мотурайган кичинекей менин баламбы? 29 жыл кантип сенсиз жашап жүрдүм экен?" дей берем. Аял киши үчүн жашоо маңызы бир гана бала турбайбы. Азыркыга чейин ойлоном, 29 жыл эмне кылып жүрдүм, ушул убакытта эмнеге жетише алдым? Андан көрө эрте эле турмуш куруп, наристелүү боло берсем болмок экен деп. Жашоого да олуттуу көз караш менен карап калдым. Эжем да "Мүнөзүң токтолуп, жумшарып калды. Буга чейин тарсылдап бетке айтып салчусуң" деп калат. Ойлойм, бул баланын күчү болсо керек деп. Жашоо мага эми гана башталгандай туюлуп жатат. Анткени эч нерсеге алмаштыргыс уулум мени алдыга карай умтулууга, анын татыктуу келечеги үчүн күрөшүүгө дем-күч берүүдө.

- Дарини кимге окшоштуруп жатышат?

- Менин бир туугандарым жолдошум Санжарга окшоштурат. Санжар болсо өзүнө окшоштурат, каралыгын болсо мага (күлүп). А мен экөөбүзгө тең окшоштурам.

- Сизди концерттерден, тойлордон көрүп калып жатабыз. Бул учурда балаңызга ким каралашат? 

- Баламды бир гана апама ишенип таштайм. Анткени апам эжемдин баласын бапестеп бакканын көргөм да. Башкалар болсо урушуп, сабап салчудай сезиле берет. Көпкө деле таштабайм, концерт, тойлорго барсам 1-2 ыр ырдайм да, үйгө шашам. Балалуу болуу менин чыгармачылыгыма тоскоол болгон жок. Учурда бала багуу менен бирге жаңы ырларды жаздыруудамын.

- Дагы канча балалуу болууну кыялданасыз?

- Көп балалуу болгум келет. Кыз баланы ушунчалык жакшы көрөм, кийинким кыз болсо деп тилеп жүрөм.

- Маегиңизге рахмат. Аруу тилектериңиз орундалып, уулуңуз мекендин сыймыгы болсун!

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aykyz
2014-04-11 15:23:07
Иий байкуш Айнура эже, балныз аман эсен чоное берсин!
+3
alatookg312
2014-04-11 15:32:59
жудоп калыптырго Айнура эжекебиз.
-1
sardar1
2014-04-11 20:57:51
alatookg312, Жудобой эле, тескерисинче сулуулугуна сулуулук кошулуп калыптыр.т Азаматсыз Айнура эже!
+1
turgunbek
2014-04-11 15:39:49
томпойгон томпошка десе омурун узун акыл эстуу эл керегине жараган ата энен сыймыктанган жигит бол Айнурага уй булолук бакыт каалайм эшигинердин астында кызыл кок майда тапочкалар кобойсун
+1
Akshumkar
2014-04-11 15:42:49
Мына Эне деген ушундай болуш керек, Азаматсын ырчы айым. Кечирип койгула мен бул айымды ырчы эмес мээрман Эне катары кабыл алам.
+1
momuntay
2014-04-11 15:48:50
Ии кечеле тородуле эми минтип бир паста чоноюп калыптырда бобогу. Омурлуу, бактылуу балдардан болсун.
+2
Manasasman
2014-04-11 15:54:52
Кобойо берсин кыргыздар. Элдин сыймыгы болсун.
+1
peri...97
2014-04-11 18:05:48
Омурун берсин.....томпошка помпошка былтышкагоо баласы........
+1
Cholpontai
2014-04-11 23:35:36
Аа ушундайларды коруп менда балалуу болгум келетда кудай беретда бир куну
0
4aidai
2014-04-13 09:50:00
ДКичинекей Дари эне-атасын сыйлаган баатыр жигит болуп чонойсун!Чонойо бергиле!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан