КСДП фракциясы "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөрдү жактырды

КСДП фракциясынын жыйынында бүгүн, 11-апрелде "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору жактырылды.

Мамлекеттик геология агенттигинин Жер казынасын лицензиялоо башкармалыгынын берген маалыматына таянсак, бонусу төлөнбөгөн, лицензиясынын мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн өз маалында билдирбеген жеке жана юридикалык жактар көбөйүп бара жатат. Ушу тапта бир катар лицензиялар жалпы тартипте кайтарылып алынды. Жогорудагы талаптарга жооп бербеген дагы 165 лицензия аныкталып, алардын ичинен 75 лицензия комиссиянын кароосуна киргизилди.

Ошондон улам мыйзам долбоорлорунун демилгечилери аталган мыйзам күчүнө кирген 2012-жылдын 17-сентябрынан тарта 1 жылдык өткөөл мезгилди белгилөөнү сунуштоодо. 

Анткени Жер казынасын лицензиялоо комиссиясынын мыйзамда белгиленген мөөнөттө алардын баарын текшерүүгө чамасы жетпей жатканы айтылды. 

Демилгечилердин айтымында, мындай чара лицензияны узакка кармап жатып алгандардын азайышына түрткү берет. Анткени төлөмдөрдүн өлчөмү жылдан-жылга кескин өскөндүктөн, лицензия ээлери лицензия мөөнөтүн создуктурууга кызыкдар болбой калышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан