2014-жылы 3 ай ичинде өлкөдөгү экономиканын өсүшү 4,9 пайызды түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2014-жылдын январь-март айлары үчүн ички дүң продукциянын анык өсүшү 5,6 пайыздык деңгээлинде түзүлдү. Бул 2013-жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен 3,2 пайыздык пунктка төмөн. Ички дүң продукциянын акчалай туюнтуусу 67,7 миллиард сомго барабар болду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

“Кумтөр” кен чыгаруучу ишканасын эсепке албаганда, экономиканын анык өсүшү 4,9 пайызды түздү (2013-жылдын январь-мартында 6,4 пайыз өсүш). Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү "Кумтөрсүз" 5,1 пайызга барабар болду. Анын ичинде айыл чарбасында - 1,2 пайыз, курулуш - 24,7 пайыз, кызмат көрсөтүүлөр - 3,1 пайыз.

2014-жылдын январь-март айларында керектөө бааларынын индекси өткөн жылдын декабрына карата 3,4 пайызды түздү. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата керектөө бааларынын индекси 4,7 пайызды түзгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан