КРнын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, Кыргызстанда 2014-жылдын март айынын аягына карата расмий катталган жумушсуздардын саны 59 миң адамды түздү. Аталган көрсөткүч 2013-жылдын тийиштүү мезгили менен салыштырмалуу 3,9 пайызга азайды.
Орточо айлык эмгек акынын анык өсүшү 2014-жылдын январь-февраль айында 2,7 пайызды түздү, номиналдык туюнтууда орточо айлык эмгек акы 10 996 сом деңгээлинде болду. Бул тууралуу 11-апрелде Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.