27-апрелде Бишкектеги Эркиндик бульварында эл аралык “Сушка” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өтөт. “Сушка” - ар кандай деңгээлдеги сүрөттөрдүн эркин көргөзмөсү. Мында ар бир катышуучу өз тарыхы менен бөлүшүп, жагымдуу эргүү алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Аталган көргөзмөдө катышуучулар тарткан сүрөттөрүн ак кыпчыткыч менен жипке илишет. Сүрөтүнө кол тамгасын, байланыш номерлерин калтырышат. Ошондой эле сүрөттүн келечектеги ээсине каалоо-тилек жазып койсо да болот. Көргөзмөнүн эң башкы эрежеси: сүрөттү алган адам анын ордуна өз сүрөтүн илиши керек. Уюштуруучулар билдиргендей, бул көргөзмө 27-апрелде саат 13:00-16:00гө чейин уланат. Кирүү акысыз.