Орусиянын примадоннасы Алла Пугачёванын мурунку күйөөсү ага арнап телесериал тартты

Орусиянын примадоннасы Алла Пугачёваны мурунку күйөөсү, режиссёр Александр Стефанович ырчынын 65 жылдык мааракесине карата 12 сериядан турган “Кураж” телесериалын тартты. Аталган автобиографиялык тасмада анча-мынча эротикалык эпизоддор да орун алган. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тасмада Алланын чыгармачылык жолго аттанганы, тагыраак айтканда, 1970-жылдар сүрөттөлөт. Александр өзү да актёр катары тасмада роль жараткан. Бул ролу үчүн режиссёр 14 килограммга арыктап, пластикалык операция жасатканга аргасыз болгон. Тасма 7 өлкөдө тартылып, анда 230 каарман катышкан. Башкы каармандын ролун Александра Волкова аткарган. Булардан тышкары бул тасмадан Бондарчук, Верник, Михалков, Зайцев, София Ротару жана башкаларды көрүүгө болот.

Тасма 14-апрелден тарта Орусиянын Биринчи каналынан көрсөтүлө баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
admin_superstan
2014-04-11 15:16:08
lusi2013, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
-6
Bella-life
2014-04-11 15:25:12
Чыдамсыздык менен кинону кутуп жатам.
Албетте Алла жон гана ляп-тляпка тартыла бербейт,
кинонун мыкты болооруна шек жок!
-3
Cholpontai
2014-04-11 23:39:24
Ошондо бул куйоосу кызынын атасыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан