Өлкөдө үстүбүздөгү жылдын 2 айында экспорттун көлөмү 113,7 миллион долларды түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, Кыргызстанда тышкы соода жүгүртүү 2014-жылдын январь-февраль айында 1 040,7 миллион АКШ долларын түздү. Аталган көрсөткүч 2013-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 12,3 пайызга көбөйдү. 

Анын ичинде экспорт – 257,1 миллион АКШ доллары (43,7 пайызга көбөйүү) жана импорт – 783,6 миллион АКШ доллары (4,8 пайызга көбөйүү). Экспорттун көлөмү алтынды эсепке албаганда, 113,7 миллион АКШ долларын түзүп, көрсөткүч 13 пайызга азайган. 

Импорттун өсүшүнө байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 526,5 миллион АКШ долларын түзүп,  2013-жылга салыштырмалуу 7,4 пайыз азаюуну көрсөттү. Бул тууралуу 11-апрелде Каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан