“Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрү Кыргызстандагы коррупциянын өскөнүн көрсөтүүдө”,- деп билдирди өкмөттүн 11-апрелдеги жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Анын билдиришинче, коррупция – ишкерлер үчүн өлкөдөгү туруктуулуктан кийинки чоң көйгөй. Оторбаев коррупция боюнча министрлерди жемеледи.
“Биз дүйнө жүзүнө күлкү болдук, намысыбыз кайда? Силер, жетекчилер, өлкөнү төмөнкү деңгээлге жеткирдиңер, элдин жарымы силерге пара бергени келишет. Бул иликтөөнүн жыйынтыгы өкмөт үчүн уят болушу керек”,- деди премьер-министр.