Жоомарт Оторбаев транспорт жана коммуникация министринин орун басарына сөгүш берди

"Кечээ Транспорт жана коммуникация министрлигинин кызматкери транспортту өткөрүүдө пара талап кылганы боюнча кармалды. Мындай кызматкерлерди ким жумушка алды?" деп сурады бүгүн, 11-апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин жыйынында.

"Ведомстводогу коррупциялык иштер менен ким күрөшөт? Кызматкери акча талап кылганы үчүн Транспорт министрлигинин жетекчисинин жол тармагын жетектеген орун басарына сөгүш жарыялайм. Эгерде дагы ушул сыяктуу абал кайталана турган болсо, кызматтан кетесиң”,- деди премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан