"Кыргызстанда парламентаризмдин ресурсун мамлекетти бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, укук коргоо органдарын көзөмөлдөөгө пайдаланышыбыз керек". Мындай пикирди депутат Каныбек Иманалиев айтканын бүгүн, 11-апрелде ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Депутаттын айтымында, мамлекет жергиликтүү парламентаризмди бекемдеши зарыл. “Эл чыныгы парламентаризмдин даамын, рахатын сезди, эми жоопкерчиликти сезишибиз керек”,- деди Иманалиев.
Депутат ар кандай саясий күчтөргө тең шарт түзүлгөндүгүнөн улам бир да саясатчы ага мамлекет тарабынан бөгөт коюлуп же кысым көрсөтүлүп жатат айта албайт. “Чыныгы парламентаризм - бул саясий күрөш, идеялардын атаандаштыгы. Эгерде саясатка келгиси келсе, анда партия түзүп, шайлоого катышсын”,- дейт Иманалиев.