Марат Кенжисариев Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койду.
Маалыматты КРнын Президентинин аппаратынын басма сөз кызматы бүгүн, 11-апрелде билдирди.