Бүгүн, 11-апрелде президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана президентке караштуу Билим берүүнү өнүктүрүү маселеси боюнча коомдук кеңештин эксперттери менен жолугушту.
Жолугушууда КРнын жогорку билим берүү системин жакшыртуу концепциясынын долбоору талкууланды. Президент бул документтин негизги багыттарын жактырды, бирок жакшы пландар кагаз бетинде калбашы үчүн Билим берүү жана илим министрлиги жана эксперттик коомчулук бир топ күч-аракет жумшаш керектигин белгиледи.
Концепциянын максаты - эмгек рыногунун талаптарына ылайык, түрдүү менчик формадагы, академиялык жана чарбалык кеңири өз алдынчалыкка ээ, билим берүүнүн сапаты үчүн жоопкерчиликтүү болгон жогорку окуу жайлардын натыйжалуу иштеген тармагын түзүү.
Өлкө башчы Кыргызстандын эли окутуунун сапатын жогорулатууну жана коррупцияны жоюуну негизги приоритет катары эсептеген жогорку окуу жайлар системин реформалоонун реалдуу жыйынтыгын көрүүгө тийиш экенин айтты.